Опубликовано
05.04.2023, 10:03Бүгүн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ош облустук башкармалыгынын Ноокат секторунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Унаа" мекемесинин филиалы бардык жашоочулар үчүн ыңгайлуу Кайрагач айылында жайгашкан.
“Аталган филиал бир жума мурун тесттик режимде иштей баштаган жана бул кыска убакыттын ичинде 150 унааны каттоо жана кайра каттоо иштери аяктады”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, жакынкы арада “Унаа” мекемеси Алайда жана Ош облусунда да иштей баштайт.