akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    16.12.2020, 11:25

    Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

    [news 30926]

    «Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?! Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысыян кабыл алуу керек», - деп белгиледи Артем Новиков.

    Андан сырткары, Кыргызстанга товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи.

    «Мамлекеттик салык кызматына социалдык маанилүү товарлардын дүң бааларына жараша чекене базардагы ренитабелдүүлүк деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди», - деди премьер-министрдин м.а.

    Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды.


    Читать похожее

    • 16.12.2020, 05:25:47