Akchabarsearch
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    01.12.2020, 03:30

    ШКУ өлкөлөрү аралык үзгүлтүксүз оор жүк ташууларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматында өткөн 19-кеңешмесинде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

    [news 30318]

    Ошондой эле Артем Новиков өз сөзүндө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүк ташууларды үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштөө маселесине өзгөчө басым жасады.



    «Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну ишке ашырууда «жашыл коридорлор» механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кирүү жана чыгуу тартибин жана процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайт», - деп кошумчалады ал.



    Андан сырткары, Артем Новиков кыйын кырдаалда өз-ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берээрин белгиледи.



    «Учудагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними», - деп жыйынтыктады премьер-министрдин милдетин аткаруучу.


    Читать похожее

    • 08.04.2021, 22:20:52
    • 30.11.2020, 21:30:55
    • 22.04.2020, 22:45:52