Akchabarsearch
    Источник фото: НТС

    Опубликовано

    21.09.2020, 09:15

    Сентябрь айынын башында Кыргызстан жана Казакстандан ташылып келе жаткан дээрлик 70 тонна өсүмдүк продукциялары Новосибирск облусуна киргизилген эмес. Бул тууралуу Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү билдирди.

    [news 28147]

    Жалпысынан 72.19 тонна продукция Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү «Карасук» фитосанитардык текшерүү постунда 1-сентябрдан 16-сентябрга чейин кармалып турган.

    Маалым болгондой, продукциялар Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан Россияга сатуу үчүн ташылып келген.

    «Кыргызстандан ташылып келе жаткан 20.5 тонна кара өрүк, 2.28 тонна мөмө-жемиштер, 0.34 тонна алча, 7.22 тонна кургатылган жемиштер жана 2.75 тонна күрүч эгиндери, продукция тууралуу так маалымат, тастыктоочу сертификаттын жоктугунан улам кайра артка кайтарылды», - деп жазылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 06.08.2024, 23:42:04
    • 06.08.2024, 22:12:34
    • 28.07.2024, 22:10:13
    • 23.07.2024, 05:02:32