Опубликовано
22.05.2024, 04:00Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 135 млрд 517,9 млн сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, бардык өнөр жай продукциясынын 43,3%га жакыны Чүй облусунда өндүрүлгөн. 2024-жылдын төрт айында облуста 58 млрд 654,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Ошондой эле, Ысык-Көл облусу 24 млрд 194,3 млн сомго жана Бишкек шаары 20 млрд 851,8 млн сомго өнөр жай продукциясын өндүргөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тоо-кен казып алуу тармагынын үлүшү 11,8%ды түздү, бул 18,3 млрд сомду, кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 71,5%ды түздү.