Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.10.2020, 04:00

Республикалык бюджетке ктүшкөн кирешенин көлөмү 21-октябрга карата 6 млрд 881 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 710 млн сомго же 28% аз. Мындай маалыматты финансы министрлиги билдирди.

[news 29261]

Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин корголгон беренелери биринчи кезекте каржыланат.

21-октябрга карата төмөнкү багыттар каржыланды:

  • бюджет тармагында иштегендердин эмгек акысына — 1 млрд 460 млн сом;
  • пенсияга — 1 млрд 834 млн сом;
  • социалдык жөлөк пулдарга — 769 млн сом;
  • саламаттык сактоо тармагына — 883.5 млн сом.

Октябрь айынан башынан тарта 6 млрд 144 млн сом сарпталды. Муну менен катар бардык чыгымдардын өз максаттары бар жана бекитилген «2020-жылга карата Республикалык бюджет» мыйзамына ылайык жумшалат.


Читать похожее

  • 25.04.2022, 23:51:49
  • 20.04.2022, 03:08:55
  • 16.03.2022, 05:30:06
  • 02.03.2022, 05:31:26