Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    11.09.2023, 04:01

    “Учкун” басмаканасы 136 миң 320 окуу китептерин басып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-класстар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Учурда окуу китептерин мектептерге жеткирүү иштери жүрүүдө.

    Белгилеп кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.


    Читать похожее