Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    09.10.2023, 04:20

    Кыргызстанда окуу китептеринин жетишсиздиги маселесин чечүү үчүн 1,5 млрд сом керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Азизбек Мураталиев билдирди.

    Анын айтымында, 2024-жылга карата окуу китептерине 152 млн сом гана бөлүнгөн. Бирок, бул маселени чечүү үчүн талап кылынган сумма өтө чоң. Мындай көрсөткүчтү Каржы министрлигинин Социалдык чөйрөнүн чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Мухтар Баймурзаев билдирди. Ал 2018-жылдан бери окуу китептерин ижарага берүү долбоору башталып, ага 160-170 млн сом өлчөмүндө каражат чогултулуп жатканын белгиледи.

    Белгилеп кетсек, “Учкун” ААКсы Кыргызстандын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын чыгарат. Аталган акционердик коом аркылуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китептери сатылып алынып, китеп менен камсыздоо маселеси жакшырат.

    Ошондой эле, ал Каржы министрлиги окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр 2024-жылы чечилет деп кепилдик бере албасын, анткени китептер жана стандарттар өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.


    Читать похожее

    • 14.08.2024, 03:22:52
    • 13.08.2024, 22:28:01
    • 06.08.2024, 22:30:45
    • 05.08.2024, 00:45:15