Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.05.2024, 07:00

1-июндан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Салмагы 18 тоннадан ашкан транспорт жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүрө албайт.

Чектөөнүн жүргүнчү, гуманитардык жардамды, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган жана жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) тиешеси жок.


Читать похожее

  • 29.05.2024, 01:00:02
  • 07.11.2019, 03:13:44