akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.12.2020, 05:45

    «Оптима Банктын» Башкармалыгы 2019-жылы түшкөн кирешени дивиденддерди төлөөгө багыттабай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

    [news 31117]

    Маалыматка ылайык, мыйзамдык жана ченемдик талаптарды сактоо, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү максатында 1 миллиард 69,2 миллион сом таза кирешени дивиденддерди төлөө үчүн бөлүштүрбөө чечими кабыл алынды.

    Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында бөлуштурүлбөгөн сумманын көлөмү 4.9 млрд сомду түздү.

    Кошумчалай кетсек, 2002-жылдан 2007-жылга чейин алап кылынбаган дивиденддердин суммасы 768 миң 561 сомду түзгөн. Бул акцмонерлердин жоктугунан улам болгон. Жалпысынан 33 акционер баалуу кагаздар боюнча киреше алуу үчүн кайрыла алат.


    Читать похожее