Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.09.2020, 04:00

«Оптима Банктын» Visa картасы аркылуу башка банкоматтардан акча каражатын алуу үчүн комиссиянын көлөмү беш эсеге төмөндөтүлдү. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

[news 27627]

1-сентябрдан тарта «Оптима Банктын» Visa картасы аркылуу башка банкоматтардан накталай каражат алуу үчүн 50 сом комиссия алынат.

«5 миң сомго чейин 50 сом, андан жогору суммага комиссия 1% баштап эсептелет», — деп белгилешти банктан.

Эске сала кетсек, буга чейин Оптима банктын картасы аркылуу башка банкоматтардан акча алганда 250 сом комиссия алынчу.