Akchabarsearch
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    13.04.2022, 09:54

    MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору эскертет: MegaPay тиркемеси аркылуу ар бир абонент өзү каалаган суммада орозо-битир, зекет берип жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук жасай алышат.

    Бардык мусулмандарга берүүгө сунушталган орозо-битирден топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

    Орозо-битирди кантип төлөсө болот?

    • App Store же Google Play’ден MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо керек;
    • андан кийин «Төлөм» бөлүмүнө кирип ал жактан «Кайрымдуулук» баракчасына өтөсүз;
    • «Орозо-битир», «Зекет» же «Жетим балдарга» баракчасын тандаңыз;
    • «Реквизиттер» катарына телефон номериңизди жана кайрымдуулуктун суммасын жазыңыз.

    Ошондой эле Орозо-битирди MegaPay аркылуу «QR-төлөм» бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеп жана сумманы көрсөтүп которсо да болот.

    Садага-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинде төлөп кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.


    Читать похожее