Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.06.2020, 08:45

Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары тазаланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

[news 25260]

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда корановирус илдетин алдын алуу максатында түзүлгөн пландын негизинде, ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмү тарабынан 7 аскер кызматкери тартылып, борбор калаадагы Орто-Сай базарынын айланасын жана соода түйүндөрүндө жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы 4500 чарчы метр аянт тазаланды. Иш-чара уланууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.


Читать похожее

  • 07.07.2024, 22:29:34
  • 30.04.2024, 01:23:17
  • 15.02.2022, 03:12:21
  • 18.02.2021, 03:30:44