Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    31.08.2023, 05:50

    Орусия 1-сентябрдан баштап эки жылдык пилоттук программанын алкагында биринчи жолу исламдык банкингди ишке киргизет. Бул тууралуу “Аль-Жазира” басылмасы жазып чыкты.

    Маалыматка ылайык, учурда Орусияда 25 миллион чамасында мусулмандар жашайт. Орусияда ислам каржы институттары буга чейин иштеп келген, бирок мыйзамдуу расмий түрдө биринчи жолу бекитилди.

    Пилоттук программа исламдык каржылоо боюнча эң көп тажрыйбага ээ болгон төрт мусулман республикасында – Татарстан, Башкыртстан, Чеченстан жана Дагестанда ишке ашырылат.⁠


    Читать похожее