Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.12.2020, 09:05

Орусиядагы окуучулардын басымдуу бөлүгү социалдык тармак аркылуу каражат табууну каалашат. Мектеп окуучулардын 70% бош убактыларында иштесе болот деген пикирде. Бул тууралуу bankir.ru басылмасы QIWI, Улуттук фрилансерлердин гильдиясы жана IQ2U.RU. биргеликте жүргүзгөн сурамжылоосуна таянуу менен жазып чыкты.

[news 31071]

Иликтөөдө айтылгандай, бош убактыларында иштегиси келгендердин 63% кыздар. Окуучулардын айытымында, каражат табуу үчүн жаш курак маанилүү эмес, эң башкысы каалоо болушу керек.

«Көпчүлүк учурда алар каражат табуу үчүн Instagram (32%), «ВКонтакте» (26%), TikTok (24%) социалдык баракчаларды колдонушат. 14 чейинки балдар TikTok (29%) жана Instagram (25%) тиркемелирен көбүрөөк басым жасашат. 14 жаштан жогорку окуучулардын көпчүлүгү Instagram (38%) жана «ВКонтакте» (30%) колдонушат», — деп жазылат маалыматта.

Сурамжылоого Орусиянын 50 шаарынан 1 миң 200дөн ашык катышуучу катышкан.


Читать похожее

  • 04.08.2024, 23:25:00
  • 28.07.2024, 21:25:55
  • 09.07.2024, 23:42:10
  • 27.05.2024, 21:45:44