Опубликовано
22.12.2020, 04:05Орусиялыктардын жарымы 45 миң рубль өлчөмүндө пенсия алууну каалашат. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы Webbankir каржы онлайн-платформага шилтеме берүү менен билдирди.
[news 31038]
Сурамжылоонун жыйынтыгында, катышуучулардын 29.1% 30 миң рубль, 22.1% 45 миң рубль пенсия алгылары келерин билдиришкен. 25 миң рубль пенсия алууну каалагандардын көлөмү болгону 1% түзгөн.
Москвада сурамжылоого катышкандардын 52.3% болжол менен 15 миң рубль пенсия алышат. Ар бир бешинчи жаран 30 миң рублга чейинки каражатты жогорку киреше деп белгилешкен .
Сурамжылоого 1,5 миңдей орусиялыктар катышкан.