Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.09.2023, 08:44

Борбор калаадагы Ош базар менен Батыш автобекети Пригородное айылы жактагы “Достук” кичи районунун тушуна көчөт. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, көчүрүү иштери 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүү механизмдери жана эскиздер даярдалууда.

Ошондой эле, Чыгыш автобекетин Курманжан датка көчөсү менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлөрү пландалып жатат.


Читать похожее