Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    31.07.2023, 07:57

    Кара-Суу районунда "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркы ишке кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

    Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70 %га аяктап калды.

    “Быйыл 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 млн даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 млн долларга бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат”, - деп айтылат маалыматта.

    Ошондой эле, трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго 18 млн доллар бөлүнөт.

    Мындан тышкары, өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 млн долларды түзөт.


    Читать похожее