Опубликовано
15.07.2024, 11:45Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булак айылдары селден катуу жабыркаган. Облус боюнча 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) жабыркап, 642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча 1 соцобьект (1 бала бакча), 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.