Опубликовано
11.05.2020, 07:30Ош шаарында муктаж болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу брифингде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
[news 24052]
Анын айтымында, жардамдар мамлекет, демилгелүү топ жана ишкерлер тарабынан көрсөтүлдү.
«Бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмары болгон 58 миң үй-бүлөгө гумжардам берилди. Жарандарыбызга көрсөтүлгөн жардамдар мындан ары да улана берет. Алсак, учурда 5 миңге жакын азык-түлүк баштыкчасы даярдалып жатат», — деп белгиледи шаар мэри.