akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы

    Опубликовано

    21.02.2022, 07:30

    Бүгүн, 21-февралда "Ош" эл аралык аэропортунда "Шарджа-Ош-Шарджа" багыты боюнча биринчи каттам аткарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабралашты.

    Маалыматка ылайык, Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келди.

    Каттамдар 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү болот.

    Болжолдуу учуу убактысы 3,5 - 4 саатты түзөт.


    Читать похожее

    • 21.02.2022, 01:30:44
    • 15.11.2021, 22:15:59
    • 10.08.2020, 21:29:32
    • 03.06.2020, 21:20:27