akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    17.09.2021, 07:20

    Ош шаарынын аймагынан өткөн Ош-Ташкент эл аралык маанидеги автожолунун 4-5 чакырым аралыктагы жолунун бир чакырымын кеңейтүү иштери 90%га жетти. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

    Трассанын башталышы Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү аркылуу “Достук” өткөрмө бекетине чейин жетет. Бул аралыктардагы жол кеңейтилип, асфальт төшөлүп, четине бетон тосмолор орнотулат.

    Жолду кеңейтүү жана оңдоого “капиталдык салымдар” аркылуу 84 миллион 274 миң сом бөлүнгөн. Курулушту сентябрь айынын соңунда бүтүрүү пландалган.

    Аталган жол аркылуу Ош-Андижан-Ташкент багыты боюнча транзиттик транспорт каттамдары жүрөт.


    Читать похожее

    • 31.01.2024, 23:05:44
    • 25.12.2023, 21:30:17
    • 21.02.2022, 02:20:39
    • 30.01.2022, 23:10:41