Опубликовано
23.08.2024, 08:00Ош мамлекеттик университети “Jiamusi” институту жана “Huibo Robotics” компаниясы менен үч тараптуу кызматташуу келишимине кол койду.
Кол коюу аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, вице-президенти Цуй Сяохуй жетектеген “Huibo Robotics” компаниясынын делегациясы, Цзямуси институтунун партиялык уюмунун катчысы Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышты.
Кудайберди Кожобековдун айтымында, буга чейин кытайлык “Huibo Robotics” компаниясы менен биргеликте ОшМУда “Келечек муун хабы” ачылган.
“Бүгүн кызматташуунун экинчи этабынын алкагында мехатроника жана робототехника боюнча бакалавр даражасын ачууга даярданып жатабыз. Бул үчүн 50 гранттык орун бөлүнгөн”, - деп айтылат маалыматта.