Опубликовано
11.07.2023, 09:55Бүгүн ОшМУнун Бизнес паркына Ага-Хан, USAID фондунан студенттердин 30дай стартап долбоору үчүн 10 млн сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат ишкердүүлүк, жаңы технология, билим берүү, калкка кызмат кылууга багытталган долбоорлорго берилген.
“2022-жылдын 1-сентябрында ачылган ОшМУнун Бизнес паркы окуу жайдагы студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга чейин окутуп багыт берет. Бир жыл аралыгында бизнес паркка келип түшкөн 200дөн ашуун бизнес идеялардын ичинен 29 долбоор тандалып, ишке ашты. Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ОшМУнун Жаштар бизнес паркы тарабынан Ага Хан Фондунун жана USAIDдин колдоосу жана кызматташуусу менен ишке ашырылууда”, - дейт Бизнес парктын жетекчиси Эрлан Камалов.
ОшМУда окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Давлатсултон Доргабекова, Американын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) долбоорлорду башкаруу боюнча адиси Зейнеп Исакова өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Анын негизинде жаңы окуу жылынан тартып бизнеске, ишкердүүлүккө кызыккан жаштар үчүн жаңыланган тренингдер уюштурулат.