Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.11.2023, 11:15

Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аптекаларда 800дөн ашык дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары препараттарды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алса болот.

Эске салсак, Кыргызстандагы биринчи мамлекеттик дарыкана эки күн мурун Бишкекте ачылган. Мындай аптекаларды ачуунун алкагында калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо максатталууда.

Жалпысынан өлкөдө 46 мамлекеттик аптека уюштурулат.


Читать похожее