Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынган сүрөт

    Опубликовано

    17.08.2021, 08:30

    Ош шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын салтанаттуу белгилөө үчүн Ош шаардык маданият башкармалыгы тендер жарыялады. Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө жалпысынан 557 миң сом сарпталат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык маданият башармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов билдирди.

    “Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө Ош шаарындагы борбордук аянтта эртең мененки саат 10:00до башталат. Иш-чара театралдаштырылган көрүнүштөр, улуттук спорт оюндары менен коштолот. Аянттын оң тарабына жети боз үй тигилет. Ошондой эле, кечинде концерттик программа уюштурулуп, ага эстрада жылдыздары чакырылган”, - деди Кадыркулов.

    Кечки концерттеги фейерверкке быйыл ишкерлер демөөрчүлүк кылаары айтылды.


    Читать похожее