
Опубликовано
28.07.2020, 05:45«Эмаком» курулуш компаниясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 1,5 млн сом которду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
[news 26508]
Билдирүүгө караганда, аталган компаниянын директору Мелис Жусупов буга чейин 2 бөлмөлүү батирди сатып, акчасы медицина тармагын колдоого жумшала турганын билдирген.
«Колдон келген жардамыбызды беребиз. Четте карап турбайбыз. Бул илдетти биргеликте гана жеңебиз. 2 бөлмөлүү батирдин акчасын котордук», - деп билдирген Жусупов.
Компаниянын жетекчилигин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, ыраазычылык билдирди.