Опубликовано
15.07.2021, 09:30Ошто муниципалдык кызматкерлерге ипотекага берилүүчү үйлөрдүн пайызын алып салуу сунушу коюлат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департамент жетекчиси Кутманаалы Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, муниципалдык кызматкерлерге ипотекалык негизде берилүүчү үйлөрдүн баштапкы төлөмүнө 20% коюлган болсо, алдыда жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттарына баштапкы төлөмдүн 10% чейин түшүрүү сунушу берилет.
Ал эми үй үчүн ай сайын төлөнө турган каржаттын 4% үстөгүн жокко чыгаруу сунушталат.
“Биз бул сунушту киргизүүнү башында эле пландаганбыз. Сунушту жаңы келе турган депутаттарга беребиз”,- деди Кутманаалы Абдрахманов.
Учурда Ош шаарында муниципалдык кызматкерлерге ипотекалык негизде берилүүчү үч көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Алардын алгачкылары 2019-жылдын башында башталып, курулуш иштери 80% жеткен.