Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    18.04.2023, 10:00

    Ош облусунда кыргыз ишкерлери менен Омск облусунан келген ишкерлердин бизнес-форуму өтүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Омск облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтыкта ишкерлерге Ош жана Бишкек шаарларына бизнес тур уюштурушту. Иш-чара 18-21-апрелге чейин өтөт.

    “Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына, макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет”, - деп айтылат маалыматта.

    Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум болуп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты.

    Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында россиялык жана кыргыз компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.


    Читать похожее