Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.07.2024, 10:50

Ош облусундагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селден улам сугат каналдары тазаланып, калыбына келтирилип, дыйкандарга сугат суу үлгүлтүксүз бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Атап айтканда:

  • Ноокат районундагы “Сапарбаев-2” чарба аралык каналы селден кийин кыйроого учураган. Атайын техника тартылып, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылды;
  • Кара-Суу районунда “Обводной”, “Присавай П-1”, “Савай” каналдары шагыл, ылайдан толугу менен тазаланды;
  • Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдары калыбына келтирилди;
  • “Отуз-Адыр” каналы тазаланып, сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

Азыркы тапта райондук суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан зыянга учураган калган сугат обьектилерин шилендилерден тазалоо жумуштары уланууда.


Читать похожее

  • 18.07.2024, 04:50:39
  • 11.03.2020, 05:45:34