Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

21.08.2023, 04:53

Ош облусундагы Токтогул атындагы китепкананын аймагы жашылдандырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бул максатка 1 млн 794 миң сом жумшоо пландалууда. Жашылдандыруу иштери келишим түзүлгөндөн кийин 20 күндүн ичинде аткарылышы керек.

Конкурстук талаптардын бири ишти аткаруучу тараптын 2021-2022-жылдары ушул сыяктуу келишимдерди ишке ашырууда тажрыйбасы болушу керек. Кеминде 1,5 млн сом суммасында аткарылган иштердин тастыктоочу документи болушу зарыл.


Читать похожее