Akchabarsearch
Источник фото: ТИМ КР

Опубликовано

09.12.2020, 05:30

5-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

[news 30561]

Маалыматка ылайык, салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармектер жана медициналык буюмдар жөнөтүлгөн.

«Элчилик Ковид-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет», - деп жазылат маалыматта.


Читать похожее