Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    10.03.2022, 09:15

    Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын эки жумага жете турган кору бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Нефтрейдерлер Ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

    Анын айтымында, Орусиядан чоң көлөмдө мунай алып келүү мүмкүн болбой жатат. Бирок майда партиялар менен алып келинип жатат.

    “Келишимдер түзүлгөн. Биз Экономика министрлиги менен үч жолу чоң чогулуш өткөрүп, сунуштарды бергенбиз. Анын кээ бирлери ыкчам чечилип жатат, күйүүчү майды алып келүү маселеси да ишлетип жатат”,- деди Эшатов.

    Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаковдун маалыматына караганда, бензиндин кору 1 айга чейин, дизель отуну 2 айга чейин жетет.

    “Мында бир гана маселе баада болуп жатат. Эгерде күйүүчү майлардын баасы кескин өсүп кете турган болсо, токтом долбоору даяр. Бирок, кырдаал андай эмес. Талдоо жүрүп, Орусия, Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- дейт ал.


    Читать похожее