Akchabarsearch
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    01.06.2020, 05:30

    Бишкек шаарынын мэриясы жеңилдиктер каралган категориядагы жарандарга кызыл «Тулпар» карталарын берүүнү жандандырды.

    [news 24743]

    Мэриядан билдиришкендей, карталар бериле турган ар бир түйүндө санитардык талаптар сакталган. Карталар күнүнө чектелүү сандагы адамга берилет: райондук акимчиликтеги тейлөө борборлорунда күнүнө 80 адамга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда 50 кишиге.

    «Тулпар» карталарынын артыкчылыгы: чыгымдардын ачыктыгы жана кагаз, тыйын акчаларды колдонуунун кереги жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да кагаз акчаларды көп колдонбоону сунуштайт», - деп билдирет мэрия.

    Мэрия автобус жана троллейбустарга алдыңкы эшик аркылуу кирүү керектигин эскертет.

    Песионерлер «Тулпар» карталарын кайсы жерден ала алат:

    Ленин району:

    Ленин районунун акимчилиги - Чүй проспектиси 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);

    №5 МАБ - Шота Руставели көчөсү, 111 (Ахунбаев көчөсүнөн жогору);

    Бишкек троллейбус башкармалыгы - Москва көчөсү, 237а (Фучик көчөсү менен кесилишет).

    Октябрь району:

    Октябрь районунун акимчилиги - Байтик баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);

    №8 МАБ - Токтоналиев көчөсү, 80/2 (Саманчин көчөсү);

    №9 МАБ - 6 кичирайону, 4/1 (Сухэ-Батор көчөсү).

    Свердлов району:

    Свердлов районунун акимчилиги - Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);

    №17 МАБ - Москва көчөсү, 15 (Сүйүмбаев көчөсү менен кесилишет);

    №18 МАБ - Атай Огонбаев көчөсү, 207 (Гоголь көчөсү менен кесилишет);

    №21 МАБ - «Энесай" конушу (9), 256/2 (Култегин көчөсү).

    Биринчи май району:

    Биринчи май районунун акимчилиги - Жибек-Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет);

    №12 МАБ - Токтоналиев көчөсү, 6Б (Жаманбаев көчөсү менен кесилишет).