
Опубликовано
28.01.2021, 05:45Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке ашыруу президент катары милдетим. Бул тууралуу ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.
[news 31815]
Садыр Жапаров сындуу ири долбоорду тез арада ишке ашырууну көздөрүн билдирди.
«Күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин», - деп билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.