Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.06.2024, 08:43

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы "Төкөлдөш" конушунда таштанды таштоочу жайларга текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар жана уюмдар жол жээктеринде, газон бөлүгүндө башаламан таштанды ыргытууда.

Эреже бузгандардын бири Октябрь көчөсү, 250 дареги боюнча жайгашкан жеке адам болгон. Бузуучуга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин укук 115-беренесинин 1-бөлүгү менен айып салынган.

“Ушундай эле эреже бузуу менен "Принт Лайф" ЖЧКсына 17 миң сом айып салынды”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 23.08.2024, 00:05:32
  • 22.08.2024, 23:57:18
  • 12.08.2024, 04:10:54
  • 29.07.2024, 05:55:15