Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.09.2020, 11:15

Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

[news 27698]

УКМКдан билдиришкендей, 27-август күнү «С.А.С.» аттуу жарандын арызы боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренеси боюнча сотко чейинки өңдүрүш иши каттоого алынган.

«Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы адиси, «С.А.С.» аттуу жарандан соттуулугун шарттуу-мөөнөтсүз түрдө жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн 38 миң сом талап кылганы аныкталды», - деп билдирет УКМК.

1-сентябрь күнү ал 38 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 тергөө абагына камакка алынган.


Читать похожее

  • 09.04.2021, 05:30:59
  • 09.04.2021, 02:00:26
  • 23.02.2021, 05:30:46
  • 16.11.2020, 23:05:07