Опубликовано
11.07.2024, 09:52Быйыл беш айда 2023-жылдын январь-майына салыштырганда мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү 18,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алардын кирешеси беш айда 11 млрд 268 млн сомду түздү. 2023-жылдын январь-май айларында 9,2 млрд сом табышкан.
Бишкектеги ресторан – мейманканалардын кызматы 5 млрд 205 млн сом, Чүй облусунда 2,1 млрд сом болду.
Өлкө боюнча Нарын облусунда ресторан менен мейманканалардын саны аз. Бул аймакта беш айлык киреше 19,5 миллионду гана түздү.