Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.02.2021, 08:15

    Россия коронавирус менен күрөшүү үчүн жалпысынан 2.86 трлн рубль короткон. Бул бюджеттин бардык чыгымдарынын 12.5% түзөт. Бул тууралуу РБК Россиянын Эсеп палатасынын билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

    [news 32739]

    Өкмөт отчеттук мезгил убагында резервдик фонддон каражат бөлүү үчүн 153 чечим кабыл алынган. Башкы чыгашалар пенсионерлердин компенсациялык төлөмдөрүнө – 941.4 млрд рубль, балдары бар үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо – 569.3 млрд рубль, региондо коронавирус менен ооругандарды трансопрт менен ооруканага жеткирүүгө — 378.2 млрд рубль бөлүнгөн.

    Федералдык бюджеттин жалпы чыгашасы 22.82 трлн рублду, 2019-жылга салыштырмалуу 4.6 трлн рублга көптү түзгөн.


    Читать похожее