Akchabarsearch
Источник фото: 360tv.ru

Опубликовано

15.01.2021, 08:30

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкө аймагында убактылуу жашагандарга квота бөлүштүрүүнүн эрежесин түзүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Инстаграм социалдык түйүнүндөгү «Федерации мигрантов» баракчасында маалымдалат.

[news 31639]

Мындан ары квотаны Россиянын субъектерин түзүүчү комиссиялар бөлүштүрөт. Чечим добуш берүү менен кабыл алынат.

Квотаны төмөнкүлөр ала алат:

  • адистиги же кесиби бар мигранттар, мыйзамдуу киреше ала алгандар, билим же башка мамлекеттеги билим же квалификация, Россия жаранынын тууганы, РФ жашагандар;
  • Россияда турак жайы бар чет элдик жарандар;
  • мыйзамды сактаган жана билими бар чет элдик жарандар;
  • Россиянын бир субъектисинде 6 айдан кем эмес иштеген жарандар;
  • Андан сырткары, эмгектенген чет өлкөнүн жарандары Россиянын пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн жүргүзүп туруу зарыл.

Кошумчалай кетсек, токтом 14-январда күчүнө кирди.


Читать похожее