
Опубликовано
18.03.2022, 07:23Москва шаарында жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясы» АК башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, мындай ташуулардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргызстанда «Бириккен дан компаниясы» АК филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.
Белгиленгендей, «Бириккен дан компаниясы» АК – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору. Компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.
Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанга Россиядан жазгы үрөндөрдү ташып келүү кармалып жатканын, себеби акыркы окуяларга байланыштуу темир жолдун иштешине тоскоолдук жаралып жатканын билдирген.