Akchabarsearch
Источник фото: Акчабар

Опубликовано

13.12.2023, 11:30

Мамлекеттик уюлдук оператор MEGA жана "РСК Банк" интеграцияланган мамлекеттик финтех экотутумун түзүү боюнча Кыргызстанда биринчи жолу өнөктөштүк долбоорун жарыялашты. Бул тууралуу эки компания биргелешип өткөргөн бирифингде белгилүү болду.

Биринчи “GovFinTech” долбоору инновациялык мобилдик-финансылык технологияларды ишке киргизүү, банктык жана телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы эки мамлекеттик компаниянын потенциалын бириктирүүнү болжолдойт.

Эки ири компаниянын, тактап айтканда, "РСК Банк" менен MEGA'нын кызматташтыгы биздин өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. 2018-2040-жылдар аралыгында Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана “Санариптик Кыргызстан 2019-2023" стратегиясын ишке ашыруунун алкагында алдыңкы банктын жана уюлдук байланыш тармагындагы лидердин кызматташуусу, мамлекеттик деңгээлде санариптик трансформация боюнча комплекстүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

“GovFinTech MEGA жана “РСК Банк” экосистемасы - бул экономикага жана социалдык маселелерди чечүүгө, мамлекеттик санариптик экотутумду түзүүгө менен аны модернизациялоо жана глобалдык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүк үчүн экономиканын санариптик трансформациясын тездетүүгө салым, - деп билдирди “РСК Банк” ААКнун Башкармалыгынын төрагасы Улан Ногаев.

MEGAнын башкы директору Айбек Куреңкеевдин айтымында, долбоор биздин өлкөдө мамлекеттик санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат.

“Улуттук санариптик экосистеманын платформасы катары MEGA'нын концепциясы санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана улуттук экосистеманын натыйжалуу иштеши үчүн байланышты камсыз кылууга көмөктөшүүчү бирдиктүү жана туруктуу инфраструктураны түзүү болуп саналат. Эки ири компанияны, карамагындагы ресурстары менен бириктирүү аларды ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү инновациялык чечимдер түрүндө ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн атайын сервистерди жана жекелештирилген продуктуларды иштеп чыгууда data маалыматтарды талдоонун келечегин жана потенциалын өзгөчө белгилеп кетким келет”, - деп баса белгиледи Айбек Куренкеев.

Кызматташтыктын негизги чечими чакан жана орто бизнеске, ишкерге багытталган. Бул - РСК жана MEGA'нын өнөктөштүгүнүн башталышынын “GovFinTech'ти” түзүү үчүн баштапкы фокусу. Ал мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан санариптик реформалардын контексти менен, ошондой эле өлкөнүн рыногунун динамикасы менен 2024-жылга карата катталган жеке ишкерлердин саны 150 000 - шартталган. Бул ЖЧК түрүндөгү ишкердиктин өсүү динамикасынан тышкары.

Ишкер-продукттун (каттоодон тартып жеке ишкерди/ЖЧКны жоюуга чейин) негизги өнүмү - ал ишкер үчүн өнүгүп келе жаткан санариптик толук кандуу "жашоо циклдеринин" экосистемасын түзүү. Колдонмону ишке ашыруунун баштапкы этабында - бул, ачыгында, санариптик бухгалтер, мындан ары юрист, GR жана башкалар. Мунун баары - бизнесмендин телефонунда. Мобилдик тиркемени колдонуунун артыкчылыктары - бул ишкердин негизги көйгөйлөрүн чечүү: убакыт жана акча, юрист, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн татаал жол-жоболору, бизнести жүргүзүүнүн ыңгайлуу санариптик инструменттеринин жоктугу.

Пилоттук режимде бирдиктүү биргелешкен мобилдик тиркеме 2024-жылдын башында ишке киргизилет. Компаниялар өлкөдө санариптик реформаларды ишке ашыруунун этаптарына байланган тиркеменин иштелип чыккан жол картасы (road map) жөнүндө маалымдашты. Учурда компаниялардын экосистемаларында өзүнчө чечимдер бар. Алар "бизнести салык кызматына каттоого онлайн тапшыруу", "онлайн ККМ", "онлайн төлөмдөр", "БЭКны онлайн алуу" жана "онлайн банк эсебин ачуу". Мобилдик тиркемени колдонууга берүү баштапкы жана өнүгүү этабында акысыз негизде берилет.

Кызматташуунун инновациялык мамилеси анын структурасында да байкалат. Өнөктөштүк компаниялардын биригишин камтыбайт. Менеджменттин жана башкаруунун органдары болуп Долбоордук кеңсе аныкталды.

Долбоордун негизги командасынын курамына эки компаниянын топ менеджерлери -компаниялардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары, IT, GR, юридикалык жана коммерциялык бөлүмдөрдүн директорлору камтылды. Рыноктун тенденцияларын жана компаниялардын өнүгүү контекстин эске алганда, мындай бизнес-модель натыйжалуу болот деп болжолдонууда.


Долбоорду ишке киргизүү боюнча компаниялар ЖМК өкүлдөрү үчүн инновациялык презентацияларды өткөрүштү. Анда расмий түрдө стратегиялык өнөктөштүк Меморандумуна кол коюлду. Мастер-майнд сессиясында эки компаниянын долбоордук офисинин командалары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте мобилдик өнүктүрүү, өнүмдүн аталышы, потенциалдуу демилгелер жана кызматташтыктын өсүү түйүндөрү боюнча стратегиялашты.

Иш-чаранын аягында эки компаниянын жетекчилери баштапкы маалымат булактарынын негизинде кардарлар менен биргеликте санариптик дүйнөдө чечимдерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, долбоордун мобилдик тиркемесинин мыкты аталышына сынак жарыялашты. Сыйлык катары эмне берилет жана сынактын чоо-жайы кошумча дагы жарыяланат.


Читать похожее