Опубликовано
06.04.2022, 11:27Президент Садыр Жапаров «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүү боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тескеменин максаты жана тапшырмасы — Кыргызстанга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.
Министрлер кабинетине тескемени аткаруу үчүн төмөнкүлөр тапшырылды:
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.