Опубликовано
18.07.2024, 04:55Президент Садыр Жапаров “КРнын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Кыргызстандын маалыматтык инфраструктурасынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу жолу менен инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо максатын көздөгөн киберкоопсуздуктун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилөө максатында кабыл алынган.
Алсак, аталган мыйзам киберкоопсуздук системасынын негиздерин, киберкоопсуздукту камсыздоонун субъекттерин жана принциптерин, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүнүн негиздерин, киберкоркунучтардын бирдиктүү базасын, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүүнүн тартибин, киберкоопсуздук аудитти ж.б. белгилейт.