akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    22.01.2021, 07:00

    Садыр Жапаров инаугурацияга карата каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн кайрылуусунда билдирген.

    [news 31781]

    Кайрылууда билдиргендей, Садыр Жапаровго бул кадамга баруусунун себеби, өлкөдө кыйын абал учурунда бюджетке оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендиги менен байланыштырган.

    «Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм. Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү. Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл», - деп билдирген Садыр Жапаров.


    Читать похожее