Опубликовано
07.07.2023, 06:20Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралардын алкагында лицензиясы жок тамеки сатуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу бардыгы болуп акциздик маркалары жок 5 миң 247 куту тамеки тартып алынды.
“Жалал-Абад шаарында эки унаанын ичинен акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок тамеки буюмдары табылган. 4420 куту тамеки тартып алынды. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Ошондой эле, Талас облусунан акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын соода түйүндөрүнө сатууга аракет кылган унаанын айдоочусу кармалган. 827 куту тамеки тартып алынып, субъектке айып салынды.