Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

25.08.2023, 10:00

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагында акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы 3 миң 392 куту тамеки тартып алынган.

“Көрсөтүлгөн бузууларга жол берген ишкердик субъектине карата өлкө мыйзамынын негизинде чаралар көрүлөт. Алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы жарандарды акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары менен тамеки жана алкоголдук продукцияларды сактоо жана сатуу фактылары табылган учурда жергиликтүү салык органына же (0779)61-31-89 номерине чалууга чакырат.


Читать похожее