Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    25.03.2022, 11:08

    Финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары Исламбек Кыдыргычовду жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта МСКнын басма сөз кызматы кабарлады.

    Исламбек Кыдыргычов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 24-марттагы буйругу менен салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

    Ал бул кызматка дайындалганга чейин президенттин администрациясында эмгектенген. Салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.

    Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык, Руслан Суйналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.


    Читать похожее