Akchabarsearch
Источник фото: Спутник

Опубликовано

23.09.2020, 07:30

21-сентябрда Финансы полициясы тарабынан Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери бюджетке 6 млн сом зыян келтирген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

[news 28241]

Маалыматка ылайык, кармалган салык кызматкери, мыйзамсыз бир нече патентти башка мамлекеттик кызматкерлер менен бирге берген. Мамлекеттик бюджетке болжол менен 6 млн сом зыян келтирилген.

«Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана бүгүн анын баш коргоо чарасын кароо үчүн, Биринчи май райондук сотуна жеткирилет», - деп жазылат билдирүүдө.


Читать похожее

  • 07.07.2024, 22:29:34
  • 30.04.2024, 01:23:17
  • 15.02.2022, 03:12:21
  • 18.02.2021, 03:30:44