Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.09.2020, 08:15

1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу салык кызматы билдирет.

[news 27611]

Эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Эгерде убагында төлөмдөр жүргүзүлбөсө анда физикалык жактар үчүн 1000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 5 миң сомго чейин айып салынат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.


Читать похожее

  • 19.08.2024, 21:10:44
  • 30.07.2024, 04:25:25
  • 06.03.2024, 06:00:34
  • 22.11.2023, 02:25:40